• 87
  • 90.41
  • 0.84

Москвада каза болгон кыргызстандык таксисттин сөөгү бүгүн Кыргызстанга алып келинет

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Москвада каза болгон кыргызстандык таксисттин сөөгү бүгүн Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январда Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө Москва шаарында унаадан (Яндекс такси) болжол менен КР жараны болгон адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери туугандарына сөөктү алуу жана аны мекенине репатриациялоого даярдоо үчүн керектүү документтерди тариздөөдө көмөк көрсөтүштү. Болжолдуу түрдө сөөк бүгүн, 12-январда Кыргызстанга алып келинет.

Учурда 1987-жылы туулган С.Н.Н.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө органдары тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Белгиленгендей, мыйзамга ылайык маркумдун жакындарына 70 миң рубль өлчөмүндө сөөктү репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөм берилет.

Пикир

Оставить комментарий