• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Москвадагы бороондо кеминде бир адам каза болуп, бир нече киши жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 21.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Күн мурун Москва шаарындагы “Эдгар” катуу шамалы өзү менен кошо нөшөрлөп жааган жамгырды ала келди. Табигый кырсыкта кеминде бир адам каза болду. Дагы бир нече киши жабыркап, анын ичинде беш айлык ымыркай бар экендигин “Известия” жазды.

Маалыматта айтылгандай, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москвадагы башкармалыгы 20-июнда аба ырайы кескин өзгөрүп, күн күркүрөшү, жаан жаап, ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөрүн кабарлаган.

Шаарды каптаган бороон-чапкындан улам көчөлөрдү суу каптап, жол кыймылына тоскоолдук жаралды.

Ал арада Россиянын гидрометеорологиялык борбору жаан 21-июнда токтой тургандыгын, күндүн биринчи жарымында ала булут каптап, түштөн кийин күн ачылып, абанын температурасы +19...+24 градус болорун маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий