• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Украина чыгышында «жаңы жылдык элдешүү» жарыяланды

Дүйнө 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Украина чыгышындагы куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарда «жаңы жылдык элдешүү» жарыяланды. Тиешелүү макулдашууга аймактагы абалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу контакттык топ жетишти. Ага ылайык, ок атпоо режими 29-декабрдан тарта күчүнө кирет.

Украинанын өкүлү Евгений Марчук Киев бул элдешүүнү инфраструктура объектилерин оңдоп алуу үчүн пайдаланууга ниеттенип жатканын билдирди. Өзүн «Луганск элдик республикасы» деп жарыялап алган аймактын өкүлү Андрей Марочко алар жарашуу шарттарын аткарууга даяр экендигин айтты. Контакттык топтогу Орусиянын өкүлү Борис Грызлов ок атпоо режимин бузгандар үчүн дисциплинардык жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады.

Былтыр Донбасста элдешүү жараяны 23-декабрда эле жарыяланган. Бирок быйыл декабрда Украинанын Орусия менен чектешкен облустарында аскердик абал күчүндө болчу. Ал 25-ноябрда Керч кысыгында болгон окуядан кийин киргизилген. Анда орусиялык чек арачылар үч украин аскердик кемесин аткылап, аларды басып алышкан. Андан бери Украинанын 24 деңиз аскери Орусиянын тергөө абактарында камакта жатышат. 26-декабрда аскердик абалдын мөөнөтү аяктап, тараптар ортосунда убактылуу жарашуу тууралуу сүйлөшүүлөр башталган.

2014-жылдан бери Украина чыгышындагы жаңжалдан 10 миңден ашык киши мерт болуп, жүз миңдеген жергиликтүү тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий