• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Москвадагы кыргыз жарандарынын жумушка орношуу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Таштанбек Каймазаров Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Олег Шутенко менен жолукту.

Миграция кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу 2020-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун 2020-жылдын 16-ноябрындагы №6-65 Кыргызстандын жарандарын Россияга уюшкан тартипте жумушка орноштуруу механизмин түзүү жөнүндө тапшырмасынын алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Москва шаарында Кыргызстандын жарандарын турак жай-коммуналдык чарба, курулуш жана ашка тармактарына жумушка орноштуруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий