Төрт айда Бишкектеги билим берүү мекемелерине бомба коюлгандыгы тууралуу 48 билдирүү түшкөн

Коом 0

Бишкек. 05.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Бишкектеги билим берүү мекемелерине бомба коюлгандыгы тууралуу 48 билдирүү түшкөн. Бул тууралуу агенттикке ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын апрелинде Бишкектеги мамлекеттик жана жеке менчик мектептерге жардыруучу зат коюлгандыгы жөнүндө массалык түрдө жалган билдирүүлөр келип түшкөн.

"Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Бишкектеги мектеп жана башка окуу жайларда жардыруучу зат коюлгандыгы боюнча эң көп “Айгай” баскычы басылган, тактап айтканда, Күзөт кызматына 21 мекемеден чалуу келген. “Айгай” баскычы боюнча Күзөт кызматынын Бишкек шаарындагы күзөт бөлүмдөрүнүн кармоо топтору ыкчам чара көрүп, бир эле учурда бардык аймактарды тейлөөгө жетишкен", - деп айтылат билдирүүдө.


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги эскертет: билип туруп даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө жалган кабарлоо - беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Пикир

Оставить комментарий