• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Москвадагы кыргызстандыктар Нооруз майрамын биргеликте белгилешти

Коом 0

Бишкек, 22.03.24. /Кабар/. Күн мурун "Крокус Экспо" Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

Элчиликтен билдиришкендей, майрамдык иш-чара эл аралык "MITT-2024" туризм жана меймандостук көргөзмөсүнүн алкагында өттү.

Программанын жүрүшүндө "МИР ВАМ" билим берүү борборунун жетекчиси Р.Адышева жазгы күн менен түндүн теңелген ыйык күн катары бааланган майрамдын тарыхы жана мааниси тууралуу айтып берди.

Көргөзмөнүн атайын аянтчасында көрүүчүлөргө "Асыл Ордо" фольклордук ансамблинин солисттери болгон Москвада эмгектенген КР жарандары тарабынан даярдалган чоң концерттик программа тартууланды.

Өлкөнүн уникалдуу туристтик мүмкүнчүлүктөрү, салттуу маданияты, ошондой эле туризм чөйрөсүндөгү заманбап жаңылыктар жана долбоорлор жөнүндө кеңири маалыматтарды тартуулаган Кыргыз Республикасынын улуттук экспозициясына улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары, анын ичинде тери, кийиз жана жүндөн жасалган буюмдары коюлду. Москвадагы «Кыргыз кербен» кол өнөрчүлөр уюму тарабынан коюлган кооз шырдактар көргөзмөгө өзгөчө көрк беришти.

Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору Москва шаарындагы "Кыргыз кондитерлеринин" коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган кыргыздын улуттук ашканасынын кондитердик азыктарынан даам татышты.

Пикир

Оставить комментарий