• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

"Назар" базары соодагерлер үчүн ижара акысын төмөндөттү

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул 259/4 дарегинде жайгашкан "Назар" соода борборунун соодагерлерине ижара акысы 33,33%га чейин арзандатылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган базардын администратору Замир Умаров билдирди.

Анын айтымына караганда, базардын жетекчилиги УКМК тарабынан көтөрүлгөн демилгени жакшы кабыл алып, өлкө жетекчилигин жана алар жүргүзгөн саясатты колдоого даяр экендиктерин билдиришкен. Натыйжада соодагерлердин ижара акысы төмөндөтүлдү.

Белгилей кетсек, атайын кызмат буга чейин шаар жана облустагы соода-базар комплекстеринин ээлери менен ижара акысын төмөндөтүү жана базардагы соодагерлерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий