• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектеги Достук жаңы конушунда көп функционалдуу спорт аянтчасы ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Биринчи май районунун Достук жаңы конушунун Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде көп функционалдуу жаңы спорт аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Балдар аянтчасы 18 сотыхты түзүп, үч зонага бөлүнгөн - воркаут, чоңдор жана балдар үчүн. Аталган аянтча жарандык демилге менен салынган.

Катышуучулар үчүн чакан концерттик программа уюштурулуп, ырчы Кайрат Примбердиевдин жана балдар аниматорлорунун өнөрлөрү тартууланып, майрамдын аягында балдарга бекер балмуздак таратылды.

Пикир

Оставить комментарий