Бишкек, 16.01.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстанда төрөлгөн 23 жаштагы кыз Москва шаарындагы мейманканалардын биринде зордукталгандыгы тууралуу полиция кызматына арыз жазган. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 12-январында болгон.
Жабырлануучу кыз билдиргендей, бейтааныш адам мейманкананын бир бөлмөсүндө аны мазактаган.
Учурда укук-коргоо органдары тарабынан баардык текшерүү иштери жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий