Ошто аял өз өмүрүнө кол салды. Анын артында 5 баласы калды

Кырсык 0

Биишкек, 22.10.18. /Кабар/. Ош облусунда аял өз өмүрүнө кол салды, анын артында 5 баласы калды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине кененирээк Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан айтып беришти.

Маалыматка караганда, окуя 17-октябрда болгон.

"44 жаштагы аял өз үйүндө 14 жаштагы кичүү кызынын көзүнчө уксус ичип алган. Кыз тез жардам кызматын чакырган, бирок ооруканада аял өзүнө келбей каза болгон. Ошол учурда анын жакындарынан эч ким келген эмес, жолдошу да жок болчу", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Акыркы мезгилде маркум эч ким менен сүйлөшпөй жүргөн.

"Бул анын экинчи никеси болчу, күйөөсү иштечү эмес. Алардын материалдык абалы өтө оор болгон. Жакында ал 22 жаштагы улуу баласын үйлөндүргөн", - деп билдиришти күч органдары.

Учурда туугандары экспертиза өткөрүүдөн баш тартышты. Бирок укук коргоо органдары тарабынан текшерүү жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий