• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Төраганын кийлигишүүсү менен Жети-Өгүз районунун жашоочусуна турак-жай салуу үчүн жер тилкеси берилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун кийлигишүүсү менен Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну, беш баланын энеси Султанбек кызы Мээримдин үй-бүлөсүнө турак-жай салуу үчүн жер тилкеси берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, ушул жылдын февраль айында Төрага Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, эки майып баланы баккан үй-бүлөдөн кабар алган. Үй-бүлөдөгү улуу балдары Изат менен Кубанычбек басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, үйдө ата энесинин кароосунда отурушат. Алардын ата-энеси турак жай салууга жер тилкеси керек экенин айтып, бирок акча каражатынын тартыштыгынан кыйналып жатканын билдирген. Мындай маселе Төраганы кайдыгер калтырбай, муктаждыкты чечүүгө болгон аракетин жумшай турганын айткан. Айтылган убададан жыл айланбай Мээримдин үй-бүлөсүнүн тилектери орундалып отурат.

Төраганын өтүнүчүн колдогон «Кызыл кайрат» кайрымдуулук фонду аталган үй-бүлөгө Кызыл-Суу айылынан үй курууга жер тилкесин сатып берди. Мындай ишке айылдаштары дагы кайдыгер эмес экендигин айткан Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Манас Алымов жакын арада үйдүн пайдубалы түптөлөрүн кошумчалады. Ал эми ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жакын арада борбор калаада медициналык текшерүүдөн өтүп, ден-соолугун чыңдамакчы.

Пикир

Оставить комментарий