• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Москвадагы ВДНХ комплексинде “Кыргызстан” павильону расмий ачылды

Коом 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Россиянын Москва шаарында Бүткүл россиялык көргөзмө борборунун аймагында жайгашкан “Кыргызстан” павильонунун расмий ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстан президентинин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев катышты.

“Бүгүнкү иш-чара Кыргызстандын жана кыргыз элинин маданий чөйрөсүндөгү маанилүү окуялардын бири. “Кыргызстан” павильонунан Москванын жашоочулары жана борбор калаанын коноктору азыркы Кыргызстандын каада-салттары, жетишкендиктери, ийгиликтери жөнүндө билип, ошондой эле улуттук маданиятыбыздын жана өзгөчөлүгүбүздүн ичине сүңгүп кире алышат. Кыргызстан жана Россиянын башчыларынын демилгеси, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн жана элдердин тарыхый достук мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусунун аркасында “Кыргызстан” павильону өзүнүн архитектуралык көрүнүшү жана бай мазмуну менен кубандырып турмакчы”, - деди Каныбек Туманбаев.

Ал Россиянын жана Москва шаарынын жетекчилигине кыргыз тарапка улуттук павильонду калыбына келтирүүгө катышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, “Кыргызстан” павильонун капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү тапшырмасы 2023-жылы Президенттин Иш башкармалыгына жүктөлүп, аны толтуруу, инженердик-ресурстук кошууларды жүргүзүү боюнча иштер жасалган.

Павильондо экспортко багытталган продукциялар көрсөтүлөт. Ошондой эле ал жакка баргандарга Кыргызстан, анын тарыхы, маданияты жана жаратылышы жөнүндө маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий