• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

МСК: Жыл башынан бери салык чогултуу боюнча төлөмдөр 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2023-жылдын январь-март айларында 54 млрд 589,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

МСКдан билдиришкендей, белгиленген план 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд сомго көп жыйналды.

"Анын ичинде 40 млрд 40 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 499 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 3 айына салыштырмалуу 3,7 млрд сомго көп чогултулду. Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 14 млрд 549,9 млн сомду түзүп, план 849,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2022-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 4,3 млрд сомго көп", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий