• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

МСК: 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчеттору электрондук түрдө тапшырылат

Экономика 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Уюмдар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документ түрүндө берүүгө өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) билдирет.

Маалыматка ылайык, бул мөөнөт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы токтому менен бекитилген “Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрүнө” ылайык белгиленген.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул мезгилден тартып салык отчетун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүлөрдү квалификациялуу электрондук кол тамганы алдын ала сатып алууга чакырат.

Электрондук кол тамганы электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында аккредитациядан өткөн адистештирилген операторлордон (Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком, Dostek, Ubr) алууга болот.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган токтом менен бекитилген мөөнөттөргө ылайык 2019-жылдын 1-июлунан тартып КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетун электрондук түрдө тапшырып келишүүдө.

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөрдү электрондук форматка өткөрүү кызматтарды онлайн көрсөтүүнүн жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун негизги компоненттеринин бири болуп саналат.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий