• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

МСК: Лотереянын катышуучуларына ID-номерлер жумасына 2 жолу ыйгарылып турат

Коом 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын катышуучуларына ID-номерлер жумасына 2 жолу ыйгарылып турат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

"Салык чек" тиркемеси аркылуу ID-номерлерди ыйгаруу процесси төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

– дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин сканерленген кассалык чектерге жума күнү саат 23:30дан кийин берилет;

– бейшембиден жекшембиге чейин сканерленген кассалык чектерге шаршемби күнү саат 23:00дөн кийин берилет.

Бул тобокелдикке багытталган лотерея катышуучуларын өз убагында жана сапаттуу талдоону камсыз кылуу үчүн ишке ашырылууда.

ID-номерлер 1000001ден баштап катар номери менен ыйгарылат.

Топтолгон ар бир 1000 сомго 1 ID-номер берилет.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп алуу жана катталуу жетиштүү. Андан кийин тиркеме аркылуу товар же кызмат сатып алуудан кассалык чекти сканерлөө керек.

Белгилей кетсек, 25-30-декабрда лотереянын утуштарынын 2-этабы болот, анда 10 батир, 10 электромобиль, чет өлкөгө 3 жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук, Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий