• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Балага сүйүнчү” жөлөкпулун кантип алууга болот?

Коом 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун кантип алуу керектигин эске салышты.

Ведомстводон белгилешкендей, жөлөкпул Кыргызстанда төрөлгөн балдарга (толук мамлекеттик камсыздоодо болгон балдардан тышкары) берилет.

“Балага сүйүнчү” өлчөмү канча?

  • “Балага сүйүнчүнүн” өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт;
  • Бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.

Арызды кайсы жерге берсе болот?

  • Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ);
  • Жарандык абал актыларын каттоо органдарына.

Арызды ким берсе болот?

  • бала менен жашаган ата-энесинин бири;
  • бала менен жашаган камкорчу;
  • бала менен жашаган асырап алган адам;
  • ишеним каттын негизинде ишенимдүү адам.

“Балага сүйүнчү” Кыргызстанда жашап жаткан адамдарга чектелет:

  • Кыргызстандын жарандарына;
  • кайрылман күбөлүгү бар этникалык кыргыздарга;
  • балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык жөлөкпулду, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди берүү чөйрөсүндөгү жарандардын кепилденген укуктарды жөнүндө Макулдашуунун катышуучу–мамлекеттин чет өлкөлүк жарандарга: Россия, Молдова, Тажикстан; Армения, Украина , Казакстан, Беларусь, Өзбекстан.

“Балага сүйүнчүнү” чектөө үчүн өзгөчө шарттар барбы?

  • “Балага сүйүнчү” үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн баштап алты ай ичинде тапшырылышы керек;
  • Ушул мөөнөттөн кеч кайрылган учурда “балага сүйүнчү” чектелбейт.

Кайсы документтерди тапшыруу керек?

  • арыз ээсинин паспорту;

Эгерде арызды камкорчу же ишенимдүү адам тапшырса, анда кошумча документ талап кылынат:

  • Камкорчу үчүн – балага камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
  • Ишенимдүү адам үчүн – жарандык мыйзамдарга ылайык таризделген ишеним кат;

Зарыл болгон учурда:

  • Кайрылмандын күбөлүгүнүн көчүрмөсү (кайрылмандар үчүн);
  • баланын ата-энесинин жашап туруу укугунун көчүрмөсү (чет өлкөлөрдүн жарандар үчүн).

Арыз ээси арызда көрсөтүлгөн маалыматтын тууралыгын текшериши керек, андан кийин өзүнүн колун коюш керек. Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күнүнүн ичинде банктык эсепке түшөт.

Жарандар акча каражатты РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта 6 айдан кеч эмес мөөнөттө алышы керек.

Эскертүү: Банкка которулган акча каражаттары алты айдын ичинде алынбаган учурда Республикалык бюджеттин эсебине кайтарылат;

Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине смс – билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий