• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

МСК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды жарыялады

Экономика 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы мыйзамга ылайык, өзүнүн расмий сайтында Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды жарыялай баштады.

Мыйзамга ылайык, ишмердиги улуттук коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан адамдарды кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгашалары жана мүлктөрү жөнүндө маалыматтар жарыяланууга тийиш.

Маалыматтар декларациянын формаларын иштеп чыгуунун чегинде, Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди декларациялоо” рубрикасына жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий