Кара-Буура районундагы “Ак-Ордо” мал базарында уурулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районундагы “Ак-Ордо” мал базарында уурулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облустук Криминалдык милиция кызматы Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн жана ветеринардык кызматынын кызматкерлери менен биргелекте мал сатуучуларга тиешелүү тактамалар, мал ээликтерин тастыктаган документтер менен кошо сатуу керектигин айтып, мал алып сатуу менен алектенген ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Себеби Талас облусунда жыл башынан бери мал уурулук боюнча 33 факты катталган, көп эле учурларда жарандар мал алып сатууда ээсин тактабастан, ветеринардык кызматтын кагаздары жок оозеки сүйлөшүүлоөр менен сатып алышат.

Мындан тышкары, билбестиктин негизинде уурдалган малдарды да сатып алган учурлар болот. Ошондой учурларда ыкчам кызматкерлер тарабынан текшерүү иштерди жүргүзүп, уурулукка шектүүнү аныктоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп, тийиштүү чараларды көрүү максатында жүргүзүшөт.", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий