• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад облусунун аймагында 26 пост иштеп жатат – Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында 26 пост иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Ал, учурда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал алынып, ал эми Жалал-Абад шаарында киргизилген өзгөчө абал 10-майга чейин узартылганын айтып өттү. Аны менен бирге Мирзахмедов облус аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталып калганын эскертти.

"1-майга чейин облуста 17 блокспост болгон, санитардык посттордун саны 55ти түзгөн. Жалпы 72 пост иштеп турган. 1-майдан кийин алардын саны кыскарып, 4 блокпост жана 22 санитардык пост калды. Негизинен Сузак районундагы, айрым аймактарда айыл чарба иштерине, өнөр жай тармактарына ыңгайсыздык жараткан посттор алынды. Андан тышкары эл тарабынан коюлган посттордун көпчүлүгү алынды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий