• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

МСК: Товар жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактураны колдонууну талап кылуу – мыйзамдуу

Экономика 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаеванын президент Садыр Жапаровго салык салуу системасындагы санариптештирүү боюнча ачык кайрылуусуна байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

"Товар жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактуралардын болуусун талап кылуу боюнча салык кызматкерлеринин бардык иш аракеттери салык мыйзамдарынын чегинде жүзөгө ашырылууда.

Салык кызматы жакында жүргүзүлгөн талдоонун жана мониторингдин, ошондой эле рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор тарабынан электрондук эсеп-фактуралардын колдонулбаган, атап айтканда субъектке – сатып алуучуга (дүкөндөргө) товарларды жеткирүүдө басып чыгарылган ЭЭФ берилбеген фактыларды аныктаган.

Товар саткан жана калкка кызмат көрсөткөн көптөгөн субъекттер (дүкөндөр) иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен электрондук эсеп-фактураларды колдонбошу мүмкүн, буга ылайык алар Салык кызматынын маалыматтык системасына кошулган эмес.

Ушуга байланыштуу, Эсеп-фактураны түзүү жана жүгүртүү тартибине ылайык товар жеткирүүчү электрондук эсеп-фактураны тариздеп, сатып алуучуга (дүкөнгө) анын басып чыгарылган нускасын берүүгө тийиш.

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө программаны киргизген учурдан тартып, административдик чара колдонбостон ЭЭФти жазып берүүнү туура колдонууга убакыт берген. Бирок дээрлик 2 жылдан бери бир катар жеткирүүчүлөр ЭЭФти колдонбой иштеп, бул талаптарды этибарга алышкан эмес.

Бирок Салык кызматы аларды аныктоо боюнча контролдук иш-чараларды жүргүзө баштаганда, алар коомчулукту коомчулукту дүрбөлөңгө салып, адаштыра башташты.

Мамлекеттик салык кызматы Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын жетекчисинен ЭЭФ колдонбогон ак ниетсиз товар жеткирүүчүлөрдү коргобоону, муну менен салык салуу объекттерин кыскартпоону жана ошол эле учурда салыктарды толук төлөгөн ак ниеттүү жеткирүүчүлөрдүн укуктарын бузбоону өтүнөт.

Өз кезегинде Салык кызматы салыкчылардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзөт.

Эгерде мындай фактылар орун алса, Салык кызматынын борбордук аппаратына (ишеним телефону (0312) 613189) кайрылууңуздарды өтүнөбүз, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, “ЭЭФ" системасы штаттык режимде иштеп жатат. Салык төлөөчүлөрдө көйгөйлөр пайда болсо, алар токтоосуз чечилет. Ошондой эле Салык кызматы бизнес-коомчулуктун жана ишкерлердин системанын ишине тиешелүү бардык сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алат жана тиешелүү чараларды көрөт.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды экспорттоочулар жана импорттоочулар колдонууга милдеттүү. Мындан тышкары, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы токтомуна ылайык, акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр да ЭЭФ тариздөөгө тийиш".

Пикир

Оставить комментарий