МСК жетекчилигине накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү тапшырмасы берилди

Экономика 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынында МСКнын жетекчилигине 2023-жылы накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысы коңшу Казакстанда накталай эмес төлөмдөр 93-94%га жеткенин белгиледи.

"Кыргызстанда бул көрсөткүч 20% гана түзөт. Көрсөткүчтүн көлөмүн көбөйтүп, аны 100%га жеткирүү керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий