• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

МСК жыл башынан бери жалган ишкердик белгилери бар субъектилер боюнча 51 салыктык текшерүү жүргүздү

Экономика 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматы (МСК) ишмердигинде жалган ишкердиктин белгилери бар же мурда жалган ишкер деп табылган, ошондой эле ишмердигинде жалган ишкердиктин белгилери болжолдонгон же салыкты төлөбөй коюу тобокелдиги бар субъектилер менен өз ара экономикалык мамилеси бар субъекттерде туруктуу негизде текшерүүлөрдү жүргүзүп келет. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрына карата абал боюнча, МСК 51 салыктык текшерүү жүргүздү, алардын ичинен 39 – кайра текшерүү, 4 – көчмө текшерүү, 1 – утурлама текшерүү жана 7 – камералдык текшерүү.

"Алардын жыйынтыгы боюнча салыктын суммалары кошумча эсептелди, анын ичинде жалпы суммасы 59 578,2 миң сом өлчөмүндө мурда негизсиз чегерүүгө алынган КНСтин суммасы алынып салынды. Мында 25 133,2 миң сом өлчөмүндө салыктык милдеттенмелердин бюджетке келип түшүүсү камсыздалды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий