• 87
  • 90.41
  • 0.84

Муфтий Абдулазиз Закиров ыйык Медина мечинин имамын кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Бүгүн "Масжидин-Набави" мечитинин имам-хатиби, Медина шаарынын имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр Кыргызстанга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын зыярат кылып, азирети муфтий Абдулазиз кары Закировдун кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

"Жер жүзүндө үч ыйык мечит болсо, ошонун экөөсүндө имамдык кылган атактуу кары, улуу шейх, күнөстүү Кыргызстаныбызга куш келипсиз. Мен мусулман кыргыз катары ажылык же умра үчүн Медина шаарына барганда артыңызда туруп намаз окуу бактысы насип болгондо абдан кубанган элем. Эми Эгем тааламдын каалоосу менен сиз биздин Ала-Тообузга келип, дагы бир жолу кубанттыңыз", – деди азирети муфтий жолугушууда.

Закиров өз сөзүндө Сауд Аравия Падышачылыгынын бийлиги ажылык үчүн мыкты шарт түзүп, дүйнөнүн төрт тарабынан агылган ажыларга, анын ичинде кыргызстандык зыяратчыларга жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүп жатканын белгилеп өттү.

Жолугушуунун алкагында шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрге Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жогорку даражалуу "Насыйкат" медалы менен сыйланды.

"Эки ыйык мечиттин имамы" аттуу атактуу наамга ээ имам шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрдин Кыргызстан күндөрүнүн программасы төмөнкүчө:

24-октябрь

18:20 Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы атындагы (эски борбордук) мечитинде шам намазын окуйт.

19:50- 20:30 Бишкек шаарындагы Махмуд Кашгари мечитинде куптан намазын окуйт.

25-октябрь

12.00 – 14.00 Бишкек шаарынын башкы борбордук имам Сарахсий мечитинде жума намазын окуйт.

18:20- 19:00 Бишкек шаарындагы «7 апрель шейиттер» мечитинде шам намазын окуйт.

19:50 – 20:30 Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы «Сатук Буурахан» мечитинде куптан намазын окуйт.

26-октябрь

18:20- 19:00 Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы Аблиз ажы Салимов мечитинде куптан намазын окуйт.

Пикир

Оставить комментарий