• 87
  • 90.41
  • 0.84

Муфтий: Эне тилибиздин кадыр-баркын өстүрүү башкы милдетибиз

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Эне тилибиздин кадыр-баркын өстүрүү башкы милдетибиз. Бул тууралуу Кыргызстандын азирети муфтий Замир кары Ракиевдин бүгүн, 23- сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата билдирүүсүндө айтылат.

"Мамлекетибиздин баа жеткис байлыгы болгон кыргыз тили кылымдарды карытып, маданиятыбызда, динибизде, салтыбызда улутубуздун уюткусу бойдон сакталып келе жатат.

Ар бир кыргыз атуулу, өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнө салым кошом деген Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүп, урпактарга таберик сыяктуу калтырууга милдеттүү. Мамлекеттик тилди кадырлап-сыйлоо, үйрөнүү, коомдук турмушубуздун бардык чөйрөсүндө кеңири колдонуу ар инсандын маданий деңгээлин, адамдын бийик сапатын, тилге болгон урмат-сыйын көрсөтөт.

Андыктан ар бирибиз эне тилибиздин коомдогу кадыр-баркын өстүрүүдө, анын мындан аркы келечегине, тилге болгон мекенчилдик сезимди бийик тутуп, жайылтуу башкы милдетибиз", - деди муфтий.

Пикир

Оставить комментарий