• 87
  • 90.41
  • 0.84

Муфтият орозо кармоонун болжолдуу датасын айтты

Коом 0

Бишкек, 14.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл орозо болжол менен 13-14-апрелден тартып кармала баштайт. Бул тууралуу агенттикке Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттын маалыматына караганда, бул күн айдын жаңырышына карап өзгөрүүсү ыктымал.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Пикир

Оставить комментарий