• 87
  • 90.41
  • 0.84

Муфтияттын жетекчилиги УКМКнын кызматкерлерине тергөөнү токтотуу үчүн $100 миң пара сунуштаган

Укук тартиби 0

Бмшкек, 10.02.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) бухгалгери кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК).

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан муфтияттын каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталды.

Каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтотуусу үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

2021-жылдын 9-февралында бул факты сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү") бюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү КМДБнын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий