Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан түзүлгөн Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы каттоону жыйындыктады. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна 8 талапкер ат салышса, Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды.
Ал эми борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат бордуна 21 эсепчи катталды.
Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29-30-31-март жана 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрмөкчү.
Эске салсак, 17-февраль күнү Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна конкурс жарыяланган.
Муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берди. Алар:
1. Нурбек Токтогулов
2. Сайдамир Джейналиев
3. Султанали Гапуров
4. Убайдулла Сарыбаев
5. Шүкүр Исмаилов
6. Шакир Маматов
7. Нематилла Жээнбеков
8. Ниязали Арипов.
Пикир
Оставить комментарий