• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мугалимдер "жашыл" жана санариптик көндүмдөрдү үйрөнөт

Билим 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Мугалимдер "жашыл" жана санариптик көндүмдөрдү үйрөнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, ведомстводо өткөн жыйында Европа биримдигинин билим берүү тармагын бюджеттик колдоо программасы боюнча II транштын индикаторлорунун аткарылышы каралды.

Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, министрликтин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун кызматкерлери жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин миссиясынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин катышуучулары мугалимдердин квалификациясын “жашыл” жана санариптик көндүмдөр, медиа сабаттуулук боюнча жогорулатууну уюштурууну тездетүү, ошондой эле башка индикаторлорду өз убагында аткаруу зарылдыгын белгилешти.

Программанын шарттары аткарылса, Европа биримдиктен техникалык колдоо көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий