• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда эки мектепте кызамык оорусу көп катталып, окуучулар аралыктан окутууга өттү

Билим 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы эки мектепте кызамык оорусу көп катталган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын чечиминин негизинде эки билим берүү уясы аралыктан окутууга өттү.

Алар: К.Закиров атындагы №2 жана А.Усманов атындагы № 7 орто мектептер.

Ошондой эле ушул эле чечим аркылуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө балдарды массалык эмдөө үчүн №063 форманын негизинде эмдөөдөн баш тарткан, же бир жолку эмдөө алган окуучулардын санын тактап, ар бир мектепте, ар бир бала бакчада эмдөө жасоо жана медициналык кароодон өткөрүү үчүн дарыгерлерге өзүнчө бөлмөлөрдү уюштуруп берүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий