Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Мугалимдерге ноутбуктар 20-январдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин орун басары Лира Самыкбаева бүгүн Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барып, мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду.
Технопарктын директору Касымбек Келебаев министрдин орун басарын иштин жүрүшү менен тааныштырып жатып, эки күндө 300дөй ноутбукту чогултуп, сыноо тестине коюшканын билдирди.
“Чогултулган ноутбуктар сыноо тестинде 5 сааттан кем эмес убакыт турду, биз бул ноутбуктарды министрликке өткөрүп берүү үчүн бардык тиешелүү документтерди даярдап койдук”, – деди ал.
Өз кезегинде Лира Самыкбаева Технопаркта чогултулуп жаткан 3 400 даана ноутбук ушул жылдын 20-январынан тартып STEM (химия, физика, биология, география) мугалимдерине бериле баштай турганын айтты.
“Алтын Казык” программасынын алкагында ар бир мугалим акысыз ноутбук менен камсыздалат. Учурда бул ноутбуктарга “Санарип кампа”, "Электрондук күндөлүк” тиркемелери киргизилип жатат. Мугалимдер бардык отчётторду электрондук түрдө тапшырууга бара жатышат. Ал үчүн ар бир мугалимдин жеке ноутбугу болушу керек”, – деп кошумчалады министрдин орун басары.
Пикир
Оставить комментарий