• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Кечээ, 4-майда Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Данияр Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет айым менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Туруктуу өкүлү Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Бачелетке ушул жылдын 28-30-апрелинде болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жана Кыргызстандын чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал жөнүндө кеңири маалымат берди.

Туруктуу өкүл Мукашев тажик тараптын мыйзамсыз иш-аракеттери Кыргызстандын 36 жаранынын өлүмүнө алып келгендигин баса белгиледи, алардын басымдуу көпчүлүгү жөнөкөй жарандар, анын ичинде эки бала (5 жана 12 жашта), жана 160 адам жаракат алышкан.

Ал ошондой эле тажик тараптын иш-аракеттеринин натыйжасында 30 миңге жакын адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгонун белгиледи. “Турак үйлөр, билим берүү мекемелеринин имараттары, өлкөнүн инфраструктуралык объектилери кыйрады”, - деп кошумчалады Мукашев.

Ушуга байланыштуу Мукашев тажик тараптын жогорудагы жалпы эл аралык милдеттенмелерди бузуу менен жасаган иш-аракеттери Кыргызстандын жарандарынын көптөгөн адам укуктарын, анын ичинде ар бир адамдын ажырагыс жана негизги укугун - жашоого укугун - бузууга алып келгендигин баса белгиледи.

Ошол эле учурда Туруктуу өкүл кыргыз тарап эч качан чек ара маселелерин көптөгөн курмандыктарга жана адам укуктарынын бузулушуна алып келген согуш жолу менен чечүүнү жактабай келгендигин жана талаш маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнү ар дайым биринчи орунга коёрун айтты.

Өз кезегинде Жогорку комиссар Бачелет Кыргызстандын жарандык калкынын арасында курман болгондорго терең кайгырууну билдирди. Ал БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (АУЖКБ) кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды башынан бери кылдаттык менен байкап келе жаткандыгын билдирди.

Ушул жагдайда Бачелет Кыргызстандын өкмөтүнүн чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана чыр-чатактын андан ары курчуп кетишине жол бербөө боюнча аракеттерин жана иш-аракеттерин кубаттады, ошондой эле кыргыз тарапты АУЖКБ эки мамлекеттин чек арасындагы кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алат деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий