Мухаммад Аноркулов муфтийдин орун басары кызматына дайындалды

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Мухаммад Аноркулов муфтийдин орун басары кызматына дайындалды.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.

Аноркулов Мухаммад Орунбаевич 1971-жылдын 2-январь күнү Баткен облусунда жарык дүйнөгө келген.

Билими:

  • 1978-1989-жж. Ломоносов атындагы орто мектебин аяктаган;
  • 1989-1991-жж. Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1992-1997-жж. Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарчасындагы «Азирети Али» атындагы диний окуу жайды кызыл диплом менен аяктаган;
  • 2014-2019-жж. Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ислам университетинин «Араб тили жана шариат» адистиги боюнча билимин жогорулаткан.

Эмгек жолу:

  • 1998-1999-жж. Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятында фатва бөлүмүнүн адиси;
  • 1999-2004-жж. Ысык-Көл облусунун Чоң Ак-Суу медресесинде мүдүрдүн орун басары;
  • 2004-2005-жж. Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары;
  • 2005-2009-жж. Каракол шаарынын баш имам-хатиби;
  • 2009-2013-жж. Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысынын жана имам-хатибинин орун басары;
  • 2013-2014-жж. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ажылык жана Умра бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014-2024-жж. Бишкек шаардык казыятына караштуу Октябрь районунун баш имам-хатиби жана борбордук мечиттин имам-хатиби.

Үй-бүлөлүү, 6 уулдун атасы.

Пикир

Оставить комментарий