• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кулатов көчөсүнүн бөлүгү 24-августка чейин жабылат

Коом 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Жылуулук тармагынын жүргүзүп жаткан иштерине ылайык, Кулатов көчөсүнүн жарымы жабыларын Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жер жана курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, 10-августтан тарта Кулатов, Элебаевден Байтик Баатырга чейин жол кыймылына тыюу салынат.

Чектөөлөр жылуулук тармагынын оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин “Бишкеккурулуш” ишканасы жүргүзүүдө. Ал 24-августта соңуна чыгат.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт. Унаа тыгындарын жаратпоо үчүн алдын ала башка жолдорду тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий