Бишкек, 09.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Мунапыс аркылуу 212 млн сомдук транспорт салыгынын карызы кечирилмей болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын 1-январына чейин аткарылбаган жана ага карата өндүрүү жөнүндө сот актысы жок транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин аткаруу бошотулду.
“Биздин маалыматтар боюнча, 2025-жылга чейин 212 млн сомду түзгөн карыздар бар. Буга толук түшө турган, эскирүү мөөнөтү өткөн карыздар да кирет. Ошондой эле өндүрүүгө кыйын болгон карыздар да бар. Аларга мисалы, унаасын ишеним кат аркылуу сатып жиберген, бирок базада дагы эле мүлк өзүнө катталуу бойдон турган учурлар, же унаасын уурдатып жиберип, мойнунда ал үчүн салыктык карызы топтолгон учурлар кирет. Мунун баарын эске алып, президенттин жарлыгы менен 2025-жылдын 1-январына чейин аткарылбаган жана ага карата өндүрүү жөнүндө сот актысы жок транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин аткаруу бошотулду. Муну менен транспорт салыгын төлөбөй калгандардын карызы кечирилди”, - дейт ал.
Мындан тышкары, Кубанычбек Ысабеков белгилегендей, президенттин жарлыгына ылайык, уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынды. Ошондой эле 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карыздарын эсептен чыгаруу чечими кабыл алынды.
Пикир
Оставить комментарий