• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Муниципалдык инспекция Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз соодага каршы рейд өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын, 10-октябрында Муниципалдык инспекция Ала-Тоо аянтында башаламан соодага каршы масштабдуу рейд өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.

Буга чейинки эскертүүлөргө баш ийбеген 7 соодагер 21 миң сомдон айыпка жыгылды. Ал эми өспүрүм соодагерлер участкалык инспекторлордун. Аянтта соода кылган жашы жете элек өспүрүмдөр участкалык инспекторлордун көзөмөлүнө алынды, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мыйзамга ылайык соода санитардык жана өрткө каршы нормаларды сактоо менен атайын бөлүнгөн жерлерде, ошондой эле тиешелүү салык чегерүүлөрү менен жүргүзүлүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий