• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

“Мурас” турниринин үчүнчү орунуна "Алга” командасы татыды

Спорт 0

Бишкек, 05.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин үчүнчү орунун “Алга” командасы ээледи.

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.

Үчүнчү орун үчүн "Алга” менен “Ыйман” командалары ат салышты. Оюндун негизги бөлүгү 1:1 эсебинде аяктагандыктан пенальти сериясы орун алды. Анда "Алга” атаандашын 2:0 эсебинде утту.

Достук мелдешинин финалында “Президенттин администрациясы” менен “Жогорку Кеңеш” командалары оюн өткөрөт.

Бул ирет чемпиондук наам үчүн ар тармактын кызматкерлеринен турган 12 команда күрөштү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, ал эми үчүнчү орунду мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган “Президенттин администрациясы” ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий