• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Муратбек Азымбакиев Нью-Йоркто бир катар чет элдик делегациялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев бир катар чет элдик делегациялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын талаасында орун алды.

Муратбек Азымбакиев Лесотонун Премьер-министри Нцокоане Самуэль Матекане менен жолугушту.

Ошондой эле анын Тимор-Лешти мамлекетинин тышкы иштер жана кызматташтык министри Бендито дос Сантос Фрейташ, соода жана экономикалык өнүгүү министри Тонги Вилиами Лату менен жолугушуулары болду.

Тараптар БУУнун алкагында деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен чакан аралдардагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин көп тараптуу кызматташтыгын эл аралык аренада бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Болуп өткөн баарлашуулардын жүрүшүндө президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев аларга президент Садыр Жапаровдун 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчүн камтыган кайрылуусун айтты.

Пикир

Оставить комментарий