• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Муратбек Азымбакиев Нью-Йоркто чет элдик делегациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын талаасында Эсватини мамлекетинин премьер-министри Рассел Мисо Дламини жана бир катар чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Жолугушууда Глобалдык Түштүктү туруктуу өнүктүрүү маселелерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу жана көп тараптуу аянтчаларда начар өнүккөн өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын биргелешип коргоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле Муратбек Азымбакиевдин Тринидад жана Тобаго тышкы иштер министри Эмери Браун, Соломон аралдарынын өнүгүүсүн улуттук пландаштыруу жана координациялоо министри Рексон Рамофафия, Эль-Сальвадордун тышкы иштер министринин орун басары Адриана Мира, Гватемаланын инвестиция жана өнүгүү катчысы Карлос Мендоса Альварадо менен жолугушуулары болду.

Болуп өткөн баарлашуулардын жүрүшүндө президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев аларга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчүн камтыган кайрылуусун айтты.

Пикир

Оставить комментарий