• 87
  • 90.43
  • 0.88

Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен шектүү бошотулду деген маалымат жалган – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Ички иштер министрлиги Сокулук районунун Селекция айылында мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен шектүү бошотулду деген маалыматты төгүндөдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, айрым маалымат каражаттары тараткан "оор кылмышка шектүү жаран бошотулду" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Э.А. аттуу кылмышка шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Азыркы учурда Э.А. аттуу жаран Бишкек шаарынын 1-тергөө абагында, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий