• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Мамлекеттен 100 миң сомду ким жана кантип ала алат? Эмгек министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Эмгек, социалык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттен 100 миң сомду ким жана кантип ала аларын айтты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, президенттин жакырчылыктан чыгуу демилгесин ишке ашыруунун алкагында быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзө алат.

Социалдык паспорту бар же "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзө алышат. Үй-бүлөдө эмгек жана мүлк потенциалы болушу керек, ошондой эле реалдуу бизнес-план түзүлүшү керек.

Социалдык контракт түзгөн үй-бүлөгө өзүнүн чакан бизнесин ачууга же өнүктүрүүгө акысыз 100 миң сом берилет.

Социалдык контракт түзүүдө 3 же андан көп балалуу же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө, “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.

Учурда 13 миңге жакын үй-бүлө өз бизнесин ачып, мамлекеттин колдоосу менен киреше ала баштады.

Пикир

Оставить комментарий