Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун паспорту боюнча соттук иш аяктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспорту боюнча соттук иш аяктады. Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнүн доосун артка кайтарып алды.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун КР паспортун анык эмес деп табуу тууралуу соттук отурум өттү.

Угуу учурунда сот Мамлекеттик каттоо кызматынын департаментинин директору Мухабат Пратовадан сотко кат келгенин билдирген. Ал буга чейин сотко доосун жазган. Катында ал доону кароосуз калтырууну суранган.

Доогердин өкүлдөрү сотко келишкен жок. Сот Пратованын суранычын канааттандыруу тууралуу чечим чыгарды. Ошентип иш аягына чыкты.

Кубанычбек Кулматов 1995-жылы 11-октябрда СССРдин жаранынын паспортун жоготуп алгандыгына байланыштуу Россиянын жаранынын паспортун жана РФнын жарандыгын алгандыгы аныкталган.

1996-жылы 26-ноябрда РФнын жараны болуп туруп, жоголуп кеткен СССРдин жаранынын паспортун колдонуу менен КРнын жаранынын паспортун мыйзамсыз алган. Паспортту Бишкектин Биринчи Май райондук паспорттук столу тапшырган. Кийин Кулматов 2001, 2003 жана 2013-жылдары документти алмаштырган.

Пикир

Оставить комментарий