• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мурдагы судья Жаркееванын иши. 90 миң долларга жакын акча болгон - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 21-январь күнү Свердлов райондук сотунун мурунку судьясы Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө кезектеги кубөдөн сурак алуу уланууда.

“Акчаларды баштыкка менин көзүмчө салышкан. Мага акчалар Маманованын кеңсесинде берилген. Акчаларды алып жатканда бөлмөдө дагы ким бар экендиги азыр эсемде жок. Мага ал жерде экиге бөлүнгөн эки кап биринде 30 миң доллар, экинчисинде 90 миң доллар деп билдиришкен. Мен акчаны берип жатканда, бул бир адамдын ыраазычылыгы деп айткан. Ал столдун тартмасын ачып, мен баштыкты ошол жакка салгам”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий