• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Муса Жаманбаев Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Ташкент, 04.10.24. /Төлөнбай КурбановКабар/. Кыргызстандын элчиси Муса Жаманбаев Ташкентте Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасы Бахтияр Исламов менен жолукту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине элчиликтин сөз кызматынан билдиришти.

Маектин жүрүшүндө кыргыз-өзбек кызматташтыгынын негизги багыттары, анын ичинде сот тармагы боюнча толук пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын өлкө аймактарында өз ара жүрүшүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты жана аларды ыкчам чечүү үчүн эки тараптуу өз ара тыгыз иштешүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий