Бишкек, 06.08.20 /Кабар/. Кечээ, 5-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум болуп өттү.
Соттук отурумдун жүрүшүндө Жекшенбек уулу П. жана Дүйшөнбиев Т.А. аттуу күбөлөр сурак берди. Иш күнү аяктагандыктан отурум 12-августка жылдырылды.
Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.
Пикир
Оставить комментарий