• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүн районунда тоноого шектүү адамдар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.22 /Кабар/. Аламүдүн районунда тоноого шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-февралында Аламүдүн РИИБине бир нече улан-кыз арыз менен кайрылган. Анда 8-февралга караган түнү болжол менен саат 02:30 чамаларында Таштар-Ата айылындагы панорамадан 1998-жылы туулган Т.А. жана 1990-жылы туулган О.Т. аттуу балдарды бейтааныш адамдар эч себепсиз уруп, ошондой алардын бири эки кыздын чачынан жулуп коркутуп, эки телефонун жана 10 миң сом акчасын алып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдиришкен.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Т.Ж., 1993-жылы туулган А.У., 1988-жылы туулган Ж.Т. жана 1989-жылы туулган О.А. аттуу адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий