• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси өлкөлөр ортосундагы аба каттамды жандандыруу жана жүк ташууну көбөйтүү жөнүндө

Коом 0

Бишкек, 11.02.22 /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь “Кабар” агенттигинде маек берип жатып, Кытай жана Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдын тез арада калыбына келтирүүгө үмүттөнөрүн билдирди.

“Азыркы учурда бир жагынан Кытай менен Кыргызстандын жарандарынын сапарлар, окуу, туризм, бизнес боюнча жана тууган-туушкандары менен өз ара каттоосуна болгон муктаждыктары тынымсыз өсүүдө. Эки тарап тең өлкөлөр ортосундагы түз аба каттамдын тез арада калыбына келүүсүнө үмүттөнүшүүдө. Экинчи жагынан дйнө жүзүндө пандемия дагы деле болсо уланууда. Кытай тарап алдын алууну эске алуу менен кыргыз тарап менен биргеликте Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы түз аба каттамын акырындык менен калыбына келтирүү маселесин активдүү изилдейт. Эки өлкөнүн компетенттүү органдары бул маселеде тыгыз байланышып турат”, - деди ал.

Элчинин айтымында, Кытай менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык үчүн негизги транспорт байланышы болуп саналат. “Кытай тарап кыргыз тараптын “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайларындагы жүктүн көлөмүн көбөйтүү боюнча тынчсыздануусуна өзгөчө көңүл бурат”, - деди ал.

Ду Дэвэнь Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун өкмөтү Ду Дэвэн Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун өкмөтү көптөгөн адамдык жана финансылык ресурстарды жумшап, натыйжалуу чараларды көрүү менен өткөрүү пунктарында кызматкерлердин санын көбөйтүп, жаңы инфраструктуралык объектилерди куруп жатканына көңүл бурду. Анын айтымында, жүктөрдү өткөрүү менен байланышкан көйгөйлөрдү өз убагында чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайларынын өткөрүү жөндөмдүүлугүн мындан ары дагы жакшыртуу максатында кытай тарап кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларында бирдиктүү алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл механизмдерин түзүү жөнүндө демилге көтөргөн.

“Кытай тараптан аталган механизмди СУАРдын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, ал эми кыргыз тараптан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары жетектейт. Эки өлкөнүн биргелешкен аракетинин аркасында учурда кытай-кыргыз чек арасындагы “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Эки өткөрүү пункту аркылуу суткалык орточо жүк ташуу 200гө жакын жүк ташуучу унааны түзөт. Ошону менен бирге, кытай тараптын статистикасына ылайык, 2021-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6,3 миллиард АКШ долларын түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 130,9%га өскөн”, - деди кытай элчиси.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-6-февраль аралыгында иш сапары менен Кытайга барып келген. Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий