• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абадда соцтармактар аркылуу жарнама кылып, сойкулук менен алектенгендер колго түштү

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында социалдык тармактар аркылуу жарнама кылып, сойкулук менен алектенгендер колго түштү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаардык милициясына А. аттуу жаран сойкулук менен алектенип, ыплас аракеттерге көмөктөшүп, сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (“Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү”) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында интернет жана социалдык тармактар аркылуу жарнама кылып, сойкулук менен алектенип жүргөн кыздар аныкталган. Алар Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батирин ижарага алып, иштеп жүрүшкөндүгү белгилүү болгон. Ал жайга тинтүү жүргүзүлүп, Чүй облусунун 21 жаштагы К.М. аттуу тургуну жана Ысык-Көл облусунун 20 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну сойкулук менен иштеп жаткандыгы аныкталган.

Тинтүү учурунда контролдук сатып алууда берилген эки даана 1 миң сомдук акча жана бир куту презерватив далил буюм катары алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий