• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош шаарында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.24. /Кабар/. Ош шаарында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 20-январда Ош шаарында милиция кызматкерлери мурда Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү же бланктарды жасалмалоо, даярдоо же жасалма жүгүртүү) боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Й.Ж. аттуу жаранды кармашты.

Издөөдө жүргөн жаран коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу системасы менен болгон сырткы көзөмөл камералары аркылуу кармалды. Бул жаранды видеобайкоо камералары мамлекет аралык издөөдө жүргөн адам катары тааныган.

Белгилей кетсек, аталган жаран 2022-жылы Россияда козголгон кылмыш иши менен мамлекет аралык издөөгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий