• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Мыйзамсыз миграция - кооптуу! ИИМ социалдык ролик жарыялады

Коом 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Мыйзамсыз миграция кооптуу жана юридикалык же каржылык жактан терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эскертет Ички иштер министрлиги.

Ведомстводон белгилешкендей, мыйзамсыз миграция дегенибиз - чек арадан тийиштүү документтерсиз же уруксатсыз өтүү менен башка өлкөгө мыйзамсыз кирүү болуп саналат.

"Ошондуктан, Ички иштер министрлиги жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу маселелери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборуна кайрылууга чакырат. Чет өлкөдө жумуш сунуштаган башка адамдар алдамчы болушу ыктымал. Сак болгула!", - деп айтылат маалыматта.

Толук маалыматты migrant.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий