• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте экстремизмдин алдын алуудагы актуалдуу маселелер талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн экстремизмдин алдын алуудагы актуалдуу маселелер талкууланган семинар өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Семинардын ишине укук коргоо органдарынын, прокуратуранын, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери, укуктук жана медиа эксперттер катышты.

Анын жүрүшүндө экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүдө ИИМ тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык аймактык комиссиянын ишмердүүлүгү, экстремизмди алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар менен биргеликте иштешүүнүн көйгөйлөрү, “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын артыкчылыктуу багыттары боюнча баяндамалар окулуп, андан соң ар бир тармак кызматташууну бекемдөө жөнүндө өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысынын орун басары М. Абдыкулов сөз сүйлөп, эки күндөн бери өтүп жаткан иш-чара экстремизмди алдын алууда өз салымын кошоорун жана жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоого арналганын баса белгиледи.

Андан соң, экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүдө ИИМ тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча кенен маалымат берилип, бул багытта козголгон кылмыш иштерине талдоо жүргүзүлдү. Ошондой эле, экстремизмге каршы көрүнүштөрдүн жана ошондой эле улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу максатында мамлекеттик органдар, бейөкмөт жана диний уюмдар менен биргеликте республиканын бардык аймагын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана анын аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери кыдырышып, эл арасында түшүндүрүү иштерин, тегерек столдорду, семинар-тренингдерди, конференцияларды өткөрүшкөнү айтылды. Ошондой эле, жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында эскертмелер, буклеттер таратылган.

Өз кезегинде укуктук жана медиа эксперттер дагы өздөрүнүн пикирлерин билдиришип, экстремизмди алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экендигин билдиришти. Жарандардын бул багытта сабаттуулугун жогорулатууда ЖМКнын өкүлдөрүн дагы тартуу, алар экстремизмди жана терроризмди алдын алуу маселесин чагылдырууда одоно кемчиликтерди кетирип албоолору үчүн аларды дагы окутуу керектиги сунушталды. Андан сырткары, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдарга жарандардын азгырылып кетүүлөрүн алдын алуу үчүн социалдык тармактарды туура колдонууну үйрөтүү замандын талабы экендигин билдиришти.

Бүгүнкү иш-чаранын аягында катышуучулар анкеталарды толтуруп, семинар жемиштүү аяктады.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги тарабынан экстремизмди жана терроризмди алдын алуу максатында бардык мамлекеттик органдар, күч түзүмдөрү менен биргелешкен иш-чаралардын пландары иштелип чыгып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий